Ош мамлекеттик университетинде Ош шаарындагы абанын сапатын үзгүлтүксүз көзөмөлдөй турган автоматташтырылган илимий станция ишке берилди.
Станциянын ачылыш аземи 10-сентябрда өтүп, ага мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова, ректор Кудайберди Кожобеков, Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро, Токио илим институтунун өкүлдөрү жана долбоордун катышуучулары катышты.
Аталган станция абанын булганышын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, маалыматтарды автоматтык түрдө чогултат. Алынган маалыматтар Ош шаарындагы абанын булгануу деңгээлин так аныктоого жана экологиялык көйгөйлөрдү илимий негизде изилдөөгө жардам берет.
Ачылыш аземинде станциянын иштөө тартиби, техникалык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Эске салсак, Ош мамлекеттик университетинде абанын булганышын изилдөөгө багытталган IRCAPS илимий борбору 2025-жылдын 18-ноябрында ачылган. Беш жылга эсептелген долбоор 2025-жылдан бери ишке ашырылып келет. Анын негизги өнөктөшү Токио илим институту. Долбоор Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги, илим жана технология тармагындагы мамлекеттик колдоосу менен каржыланат.
IRCAPS борбору абанын булганышын изилдеп, туруктуу мониторинг жүргүзөт. Ошондой эле топтолгон илимий маалыматтарды билим берүүдө колдонуу каралган. Жаңы станциядан алынган маалыматтар келечекте Ош шаарындагы экологиялык абалды баалоого жана абанын сапатын жакшыртууга багытталган чараларды иштеп чыгууга колдонулат.