Окуу жай жетекчилиги Москва мамлекеттик университетинин филиалынын курулушу менен таанышты

Anasayfa Haberler

Окуу жай жетекчилиги Москва мамлекеттик университетинин филиалынын курулушу менен таанышты

Image

Бүгүн, 20-февралда Ош мамлекеттик университетинин ректору К. Кожобеков, окуу иштери боюнча проректору З. Божонов жана бир катар жетекчилер университеттин базасында курулуп жаткан Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын курулушу менен жеринен таанышты.

Окуу жай жетекчиси имаратынын курулуш иштери, ички бөлүктөрү менен таанышып чыгып, курулушту тез арада сапаттуу бүтүрүп берүүсүн курулушчуларга дайындады.

Учурда окуу имаратынын курулушунун негизги бөлүгү бүтүп, ички, сырткы жасалга иштери жүрүп жатат. Имараттын курулушу жакынкы аралыкта бүтүп, пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.

Фото галерея