ОшМУда Мамлекеттик экзамен тапшыруу үчүн атайын тест ситемасы иштелип чыкты

Anasayfa Haberler

ОшМУда Мамлекеттик экзамен тапшыруу үчүн атайын тест ситемасы иштелип чыкты

Image

Окуу жайдын программисттери Мамлекеттик экзамендерди (Кыргыз тили, Кыргызстан тарыхы, Кыргызстан географиясы) онлайн форматта тапшыруу үчүн атайын тест ситемасын иштеп чыгышты. Электрондук тест ситема ушул жылы тапшырыла турган мамлекетиттек экзамендерде толук ишке кирет.

“Жаңы иштелип чыккан система бир топ ыңгайлуу жана ишенимдүү. Студент тест учурунда, интернет кошулган бардык жерде, смартфон менен жана маңдайкы камерасы бар компьютер аркылуу тапшыра алат. Экзамен тапшырып жаткан студентти маңдайкы камера автоматтык түрдө сүрөткө, видеого тартып, базага сактап турат. Студенттин ашыкча кыймыл аракети байкалган сүрөт болсо, комиссия кайра тапшырууну же, баллын азайтууну карайт”,- деди ОшМУнун IT академиясынын жетекчиси, программист Айтибек Абдирасулов.

Мамлекеттие экзамен тапшыруу учурунда студент AVN (автоматташтырылган окуу системасы) порталындагы өзүнүн логини, сыр сөзү менен кирет. Өзүн текшерүү үчүн алдын ала тапшырууга атайын шилтеме уюштурулуп, ал шилтеме аркылуу фамилия-атын жазып тапшырса болот.

Тест кыргыз, орус, англис тилдеринде адаярдалып, суроо-жоопторду бир учурда үч тилде окууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мында тилди тандоо функциясын орнотуунун кажети жок.

Тесттик базага үч предмет үчүн түзүлүп киргизилген 900 суроонун ичинен 20 суроолуу вариантты автоматтык түрдө система өзү сунуштайт.

Фото галерея