Джолдубаев Ырысбай Джолдубаевич (некролог)

Anasayfa Haberler

Джолдубаев Ырысбай Джолдубаевич (некролог)

Image

Джолдубаев Ырысбай Джолдубаевич   

 (1944-2021)

Ош мамлекеттик университетинин профессору, медицина илимдеринин доктору агайыбыз Джолдубаев Ырысбай Джолдубаевич мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Ырысбай Джолдубаев 1944-жылы 17–ноябрда Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Катта–Талдык айыл өкмөтүнүн Эшме айылында туулган.

1962-жылы Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүндөгү Н.К. Крупская атындагы орто мектебин аяктаган.

 1963-1968-жылдары Фрунзе шаарындагы медицина институтунда стоматология факультетин аяктаган. Дарыгер кызматын 1968-жылы Кара-Суу райондук ооруканасында врач-ординатор кызматынан баштаган. 1972-жылы Кара-Суу райондук туберкулезго каршы диспансердик ооруканага башча болуп дайындалган.

1981-жылы Алма-Ата шаарында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 1982-жылы Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министирлигинин кеңеши менен Йемен Элдик Демекратиялык Республикасына 2 жылга командировакага жөнөтүлгөн.

1985-жылы саламаттыкты сактоо министирлиги КыргНИИге туберкулез боюнча илим изилдөөнүн директорунун орун басарлыгына, 1987-жылы КыргНИИ экология боюнча жана жугуштуу оорулардын алдын алуу болуп түзүлгөн институтка директордун орун басары болуп дайындалган.

1992-жылы Ленинград шаарында (Санкт-Петербург ш.) пульмонология боюнча Бүткүл союздук НИИде доктордук диссетациясын жактаган.  1992-жылы Госкомконцернде «Кыргызфармминдустрияда» орун басар болуп дайындалат. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министирлигинин орун басарлыгына дайындалган.

1996-жылы Борбордук Азия жана Закавказия өлкөлөрүндө саламаттыкты сактоонун реформалоо боюнча ВОЗдун Анкарадагы регионалдык бюросуна эксперт болуп дайындалат. 

2002-жылы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде ОшМУнун медицина факультетинин деканы, 2004-жылы Медицина факультети кайра уюштуруу жолу менен ОшМУга караштуу медицина институту болгондо анын директору болуп дайындалган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында ОшМУнун ички оорулар №3 кафедрасын жетектеп келген.

20 жылдан ашуун убактыттар аралыгында Ош мамлекеттик университетинде үзүрлүү эмгектенген Ырысбай Джолдубаев  агайдын  окуган лекциялары, практикалык иштери жогорку илимий-педагогикалык жана методикалык түрдө өтүлүп келгендиги окуткан студенттери тарабынан дайыма бааланып келген. Илимий багытта дайыма изденген агай 90дон ашуун илимий эмгектердин автору болууга жетишкен. Агайдын жетекчилиги астында илимде жол көрсөткөн 4 шакирти илимдин кандидаттыгын жактаган.

Үзүрлүү эмгектери бааланып “Саламаттыкты сактоонун отличниги” төш белгиси, Саламаттыкты сактоо министирлигинин Ардак грамотасы, ОшМУнун Ардак грамотасы, «Манас» медалы, Ош облусунун, Ош шаардык мэриясынын Ардак грамоталары, Ош облусунун кесиптик кошуунунун Ардак грамотасы,  Президенттин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Ырысбай агай 5 уул, 4 кызды татыктуу тарбиялаган  неберелердин чоң атасы жана таятасы болчу.

Устат агайыбыздын жаркын элеси аны менен бирге иштеген кесиптештеринин, окуткан студенттеринин, окуучуларынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Джолдубаев Ырысбай агайдын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

                        ОшМУнун ректораты, Кесиптик кошуун комитети , профессордук-окутуучулук  жамааты, студенттер