Окуу жай жетекчиси ардагер айымдарды куттуктады

Anasayfa Haberler

Окуу жай жетекчиси ардагер айымдарды куттуктады

Image

8-март – Аялдардын эл аралык майрамынын урматына Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков окуу жайда көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, өмүрүн, тажрыйбасын университетке арнап келе жаткан ардагер эжекелерди куттуктады.

Ректор университеттин улуу мууну дайыма окуу жайдын өсүп өнүгүүсүндө, билимдүү, илимдүү жаштардын, кесипкөй адистердин тарбиялануусунда орду бийик экендигин белгиледи.

Ар бир эжекенин билим берүүдө, жаштарды тарбиялоодо, университеттин өнүгүүсүнө кошкон салымдарын айтып, өзүнүн майрамдык белегин тартуулады.

Мындай майрамдык кече жыл сайын жетекчилик тарабынан уюштурулуп келет.

Фото галерея