ОшМУда Ак калпак күнү белгиленди

Anasayfa Haberler

ОшМУда Ак калпак күнү белгиленди

Image

Майрамдын урматына Ош мамлекеттик университетинин студенттери тарабынан  ак калпакчан жигиттер жөө жүрүшкө чыгышты. Улуттук баш кийимди даңазалоо иш-чаралары окуу жайдын бардык структураларында өткөрүлүп жатат.
Ак калпак күнүн белгилөөдө ОшМУнун  аймактардагы структуралары да четте калган жок. Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери жана жаш окутуучулары Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чарага активдүү катышты.  
5-март -Ак калпак күнү деп 2011-жылы жарыяланган. Бул күн 2016-жылдан тарта расмий түрдө белгиленип келет.

Фото галерея