Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата семинарлар башталды

Anasayfa Haberler

Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата семинарлар башталды

Image

11-мартта  Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттери үчүн Өзгөн райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун адистери жана ден-соолукту чыңдоо кабинетинин кызматкерлери семинар өтүштү.  
Анда адистер студенттерди сергек жашоо мүнөзүн алып жүрүүгө, туура тамактанууга, дене-тарбия көнүгүүлөрүн жасоого, таза абада болууга, бөлмөнү мүмкүн болушунча көбүрөөк желдетүүгө,  зыяндуу адаттардан баш тартып, жакшы маанайда болууга чакырды.  Ошол эле учурда кургак учукка чалдыккан адам убагында кайрылып, дарыгерлердин көрсөтмөсүн так аткарса айыга тургандыгын айтышты. 
24-март - Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата жыл сайын эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.

Фото галерея