Нооруз майрамына карата ОшМУнун жатаканаларында майрамдык кечелер башталды

Anasayfa Haberler

Нооруз майрамына карата ОшМУнун жатаканаларында майрамдык кечелер башталды

Image

Ош мамлекеттик университетинин №1 жана №2 жатаканаларында жашаган студенттер үчүн нооруз майрамына карата улуттук оюндар уюштурулуп, майрамдык оюн-зоок кечеси өттү. Майрамга карата сүмөлөк кайнатылып, жакшы тилектер айтылды.

Кечеге окуу жайдын жетекчиси К.Кожобеков, кесиптик кошуундун  төрагасы А.Сатаров, Студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректор Ж. Артыковалар катышып студенттерди нооруз майрамы менен куттукташты.

"Силер чыныгы студенттик жашоону башынан өткөрүп, өз тагдырыңарга жоопкер болуп калыптанып жаткан жаштарсыңар. Шаңдуу, кызыктуу күндөр менен кошо, жоопкерчилик артынган сааттар, мүнөттөр силердин турмуш пайдубалыңарды курат. Терең билим алып, өз алдынчалулукка, татыктуу жашоого умтулгула. Биз ар дайым силердин жакшы шартта билим алууңар үчүн талбай аракет кылабыз!" – деди К.Кожобеков.

Кеченин жүрүшүндө спорттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана профсоюз уюму тарабынан чегерилген белектер тапшырылды.

Фото галерея