ОшМУда Нооруз шаңы

Anasayfa Haberler

ОшМУда Нооруз шаңы

Image

20-март күнү Ош шаарындагы “Мээрим” эс алуу багында Нооруз майрамы белгиленди. Майрамдык салтанатка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев баш болгон мэриянын өкүлдөрү, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, ректораттын өкүлдөрү, ошондой эле Ош шаарынын тургундары, коноктору, профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышты.

Нооруз майрамына карата ОшМУнун таланттары тарабынан майрамдык концерттик программа тартууланып, сүмөлөк кайнатылып, окуу жайдын факультеттер,  колледждери арасында улуттук спорт оюндары боюнча мелдештер өттү.

Нооруз майрамына карата кечелер ОшМУнун бардык факультеттеринде, коллеждеринде, лицейлеринде, жатаканаларында уюштурулуп, концерттик программалар, улуттук оюндар менен коштолду.

Фото галерея