ОшМУда окумуштуу Ильяс Ботбаевдин 90 жылдык мааракесине арналган конференция өттү

Anasayfa Haberler

ОшМУда окумуштуу Ильяс Ботбаевдин 90 жылдык мааракесине арналган конференция өттү

Image

Белгилүү окумуштуу,  биолог, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Ботбаев Ильяс Махмудовичтин 90 жылдык мааракесине арналган “Табигый жана айыл чарба илимдеринин актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция ОшМУда өтүп жатат.

Аталган конференцияга Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын окумуштууларынан сырткары Россия, Казакстан, Тажикистан, Өзбекстандан окумуштуулар онлайн  катышышты.

         Конференциянын жүрүшүндө  СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, уникалдуу Алай породасындагы койлордун автору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Россиянын Айыл чарба илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги Ильяс Ботбаевдин  ишмердүүлүгү батында баяндамалар жасалды. Ошондой эле секциялык иште табигый жана айыл чарба илимдеринин актуалдуу маселелери талкууланды.

Фото галерея