АКШдан келген коноктор ОшМУда болушту

Anasayfa Haberler

АКШдан келген коноктор ОшМУда болушту

Image

Кыргызстанга АКШнын лидерлик, дипломатия жана улуттук коопсуздук лабораториясынын негизинде иш сапары менен келген АКШнын Аризона мамлекеттик университетинин студенттери Йована Винчик жана Эндрю Думениго ОшМУда болушту.

Борбор Азия институтунун директору Эркайым Мамбеталиева менен биргеликте коноктор ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн директору Абдыганы Абдувалиев менен жолугушту. Жолугушууда алар Борбор Азиядагы коррупцияны жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну изилдөө институтунда “Жаңы өлкө, коррупцияга каршы изилдөө чөйрөсүндөгү жаңы тажрыйба” долбоорунун алкагында стажировкадан өтүшүп жаткандыктарын белгилешти.

Коноктор ОшМУдагы академиялык алмашуу программаларынын алкагында студенттердин билим алып, практикалардан өтүүсү боюнча маалымат алышып, бул багытта алдыдагы кызматташуу алакаларын талкуулашты.