ОшМУ Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университети менен кызматташуу келишимине кол койду

Anasayfa Haberler

ОшМУ Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университети менен кызматташуу келишимине кол койду

Image

Өзбекстандагы Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору Нодирбек Журакузиев ОшМУга иш сапары менен келди.

Жолугушууга ОшМУдан инвестиция жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча проректору Кубаныч Токторов, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн директору Абдыганы Абдувалиев, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы Нурмамат Турганбаев жана индустриалдык-педагогикалык колледжинен Акибатхон Исманова катышты.

Эки жогорку окуу жайдын проректорлору жолугушууда университеттердин кызматташтыгын бекемдөө, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, билим берүү,  илим изилдөө, маданий иш чараларды өткөрүү, студенттердин жана окутуучулардын мобилдүүлүгүн  арттыруу, эл аралык рейтингдерде бири-бирине колдоо көрсөтүү багыттары боюнча пикир алышып, кызматташуу келишимине кол коюшту.

Келишимге ылайык ОшМУда Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин “Өзбек тили жана маданияты” борборун,  Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинде ОшМУнун “Кыргыз тили жана маданияты” борборун ачуу макулдашылды.

Борборду ачуу демилгеси эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата демилгеленген биргелешкен иш-чаралардын планына ылайык ишке ашырылууда.

 

 

fotoğraf Galerisi