Жеңил атлетика боюнча турнирде ийгилик жаратышты

Anasayfa Haberler

Жеңил атлетика боюнча турнирде ийгилик жаратышты

Image

Казакстандын Алматы шаарында өткөн  жеңил атлетика боюнча ири турнирде Кыргызстан курама командасы 3-орунду ээледи. Команданын курамындагы ОшМУнун дене тарбия факультетинин  №1 факультеттер  аралык дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Алымкан Жамшитбекова жана факультеттин магистратура бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Шахзат Садыкжан уулу  4*400метр MIX эстафеталык жарышта 3-орунду багындырышты. Спортчулардын машыктыруучусу ОшМУнун окутуучусу Алмаз Казибеков.

Бул эл аралык мелдеш дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясынын коло статусуна ээ болгон, Азиядагы эң ири мелдештеринин бири болуп саналат.

Турнирге Кыргызстан, Тажикстан, Азербайжан,  Өзбекстан,Түркмөнстан, Иран, Кытай, Япония, Таиланд, Грузия, Индия жана Казакстандын 222 спортчусу  катышты.

fotoğraf Galerisi