ОшМУнун студенттери эл аралык илимий жайкы мектепке катышты

Anasayfa Haberler

ОшМУнун студенттери эл аралык илимий жайкы мектепке катышты

Image

ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев 26-июндан 30-июнга чейин ОшМУдан Green Energy Management - SilkWay 2023 эл аралык илимий жайкы мектебине катышкан студенттер Жеңишбек уулу Орозбек жана Асел Манасованы кабыл алды. 2023-жылы Милано-Бикокко университети, “Аджип Каспиан Си”, “Аджип Карачаганак Б.В.” компаниялары менен биргеликте  Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде өткөн.  Катышуучулар жайкы мектептен алып келген сезимдери менен бөлүшүштү.

Эл аралык илимий жайкы мектеп Green Energy Management 2023 – бул “SILKWAY – Energy, Connectivity, Environment, People” эл аралык консорциумунун алкагында жыл сайын өтүүчү иш-чара. Жыл сайын жайкы мектеп дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө Италияда, Азербайжанда, Казакстанда, Румынияда, Испанияда, Португалияда өткөрүлүп келет. 2023-жылы өткөн XIII жайкы мектептин катышуучулары жашыл экономика көйгөйлөрү менен алектенген Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Италия, Германия, Чад Республикасынан болушту.

Бул жайкы мектеп толук каржыланган, анын ичинде учактар, жатакана, тамактануу бар.

2024-жылы өтүүчү XIV жайкы мектепти 2024-жылдын июнь айында ОшМУнун базасында өткөрүү пландалууда.

fotoğraf Galerisi