ОшМУда «Борбор Азиялык археологиялык талаа мектебинин» ачылыш аземи өттү

Anasayfa Haberler

ОшМУда «Борбор Азиялык археологиялык талаа мектебинин» ачылыш аземи өттү

Image

 

Аталган мектептин ачылыш аземине ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Руслан Арапбаев баштаган жамаат, Кыргызстан, Орусия жана Американын ЖОЖдорунан келген окумуштуулар, археологдор, магистранттар, аспиранттар жана студенттер катышты.
Борбор Азиянын археологиялык талаа мектеби лекцияларды, мастер-класстарды, практикумдарды, музейлерге жана археологиялык обьекттерге экскурсияларды, ошондой эле таш доорундагы Обишир-5 жана Сурунгур жерлериндеги евроаймактын эл аралык археологиялык экспедициясына катышууну камтыйт.
Катышуучулар 11-14-июль күндөрү Ош шаарында лекцияларга катышып, шаардын чөлкөмүндөгү археологиялык эстеликтерине экскурсия жасашат.
Ал эми 15-20 июль күндөрү Айдаркен шаарында лекцияларга катышып, практикалык иштерди жасашат.
Талаа мектебинин программасынан кийин, жаш изилдөөчүлөрдүн арасынан каалоочулар археологиялык казуу иштерине катышышат.
Борбор Азиялык археологиялык талаа мектебине археология, геология, геофизика, антропология, археоботаника жана археозоология тармактарынын 2-4-курстун студенттери, магистранттар жана аспиранттар катталган.
Борбордук Азиянын археологиялык талаа мектеби Сибирь бөлүмүнүн Археология жана этнография институту, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана Ош мамлекеттик университети менен биргеликте уюштурулду.