Кыргызстандын тоолуу аймактарынын агрардык секторун өнүктүрүүгө арналган эл аралык симпозиум ОшМУда өттү

Anasayfa Haberler

Кыргызстандын тоолуу аймактарынын агрардык секторун өнүктүрүүгө арналган эл аралык симпозиум ОшМУда өттү

Image

"Кыргызстандын тоолуу аймактарынын агрардык секторун өнүктүрүүдөгү салттар жана инновациялар" аттуу эл аралык илимий-практикалык симпозиумга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат, Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстандагы жогорку окуу жайлардан келген илимпоздор катышты. Симпозиумдун алкагында ветеринария жана агрардык сектор багытында талкуу орун алды.

“ОшМУда ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын ачылганына аз убакыт болгонуна карабастан  окуу процессине керектүү заманбап жабдуулар жана шаймандар менен камсыздалган. Учурда ветеринардык клиниканы жана окуу корпусунун курулуш иштери жүрүп жатат. Курулуп жаткан имаратыбызда студенттер окуу-илим-өндүрүш деген моделдин алкагында билим гана албастан окууга тапшыргандан тартып, илим менен алектенип, өндүрүштүк базаларда иштеп кесипкөй адис болуп чыгышат. Андан сырткары окуу жайдын базасындагы ботаникалык бакчасынан да жер тилкеси бөлүнүп, ал жерге мал чарбасы жана ветеринария боюнча биотехнологиялык борбор куруу пландалууда”, -деди ОшМУнун ректору Кудайберди Кожорбеков.

Катышуучулар 11-июлдан 18-июлга чейин лекцияларга катышып, өлкөнүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарында болуп, ветеринария, экология багытында экспедицияга жасашат.

Экспедиция учурунда мал чарбачылыгынын кунардуулугун жогорулатуу, чөптүн экосистемасынын абалын көзөмөлдөө жана изилдөө иштерин алып барышат.  Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде жакшыртуу боюнча пландарды түзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу пландаштырылган. Симпозиум эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, анын ичинде илимий практикалык иштерди биргеликте өткөрүү, илимий изилдөөлөрдү алып баруу максатында уюштурулган.

Иш-чара ОшМУнун табият таануу, туризм жана агарардык технологиялар факультетинде ветеринардык медицина жана биотехнология, агрономия жана колдонмо геодезия кафедралары тарабынан уюштурулган.

 

fotoğraf Galerisi