“V Матикеевдик окуулар” аттуу илимий семинар уюштурулду

Anasayfa Haberler

“V Матикеевдик окуулар” аттуу илимий семинар уюштурулду

Image

ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнѳ эмгек сиңирген кызматкер, география илимдеринин доктору, профессор Курманали Матикеевдин туулган күнүнѳ арналган “V Матикеевдик окуулар” аттуу илимий семинар болуп өттү. 
Жыйындын жүрүшүндө  маараке ээси, профессор Курманалы Матикеевдин ишмердүүлүгү, эмгектери тууралуу айтылып, кесиптештери, шакирттери куттуктоо сөздөрүн жолдошту. 
Илимий семинарда Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан, ОшМУдан окумуштуулар, окутуучулар, магистранттар, студенттер катышып илимий баяндамаларын жасашты.  Эң мыкты баяндама ээлерине дипломдор, грамоталар, кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Профессор Курманалы Матикеев 200гө жакын илимий эмгектердин, 2 монографиянын, 16 окуу, 5 илимий-популярдуу китептин автору. Университетте өзүнүн илимий мектебин түзүп, бир нече илимдин кандидаттарын чыгарган. “Матикеевдик окуулар” аттуу илимий семинар окуу жайда  жыл сайын салтка айланып уюштурулуп келет.

fotoğraf Galerisi