ОшМУнун дарыгерлери Баткенде медициналык жардам көрсөтүштү

Anasayfa Haberler

ОшМУнун дарыгерлери Баткенде медициналык жардам көрсөтүштү

Image

ОшМУнун медицина факультетинин дарыгерлери, ординарторлору, студенттери  кыгыз-тажик чек арасындагы кооптуу абал түзүлгөн айылдардан эвакуацияланган кары-картаңдар, аялдар жана балдарга 1-2-май күндөрү медициналык жардам көрсөтүштү. Алардын катарында ОшМУнун  медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрүнөн түзүлгөн “Дени сак эл” бирикмесинин мүчөлөрү да бар.

Дарыгерлер өзгөчө жаш балдарды, бала эмизген, кош бойлуу энелерди, өнөкөт оорулары бар тургундарды медициналык кароодон өткөрүп, кеңеш берип, зарыл дары-дармектер менен камсыздады. 

         “Ыктыярчы дарыгердерди ОшМУнун  квалификацияны жогорулатуу институтунун директору Абдижапар Аккулов демилгечи болуп алып барды. Биз тургундарды медициналык кароодон өткөрүп,  тез жугуучу оорулар тууралуу да түшүндүрүү иштерин алып бардык”, -деди ОшМУ медицина факультетинин деканынын орун басары, үй-бүлөлүк дарыгер  Гульбара Ташиева.

ОшМУнун медицина  факультетинин бүтүрүүчүлөрү тарабынан демилгеленип түзүлгөн “Дени сак эл” бирикмеси ыктыярчы катары иш алып барат. Анда тармактардагы адис дарыгерлер алыскы аймактардагы элди аралап, ден-соолугун акысыз текшерип, кеп-кеңештерди беришет.

Фото галерея