ОшМУда өз алдынча кесип өздөштүргөндөргө тастыкмалар берилди

Anasayfa Haberler

ОшМУда өз алдынча кесип өздөштүргөндөргө тастыкмалар берилди

Учурда КРда эмгекке жарамдуу калктын 60% жакыны эч кандай кесиптик билимге ээ эмес. Мындан улам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен Билим берүү жана илим министрлигинин алдында ОшМУда "Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору" ачылган.

Борбордун жардамында  кайсыл бир көндүмдөргө ээ жарандар ашпозчу, ширетүүчү,куруучу ж.б. иш берүүчү, квалификациялуу устаттардан турган комиссияга билген ишин практика жүзүндө көрсөтүп, тапшырмаларды аткарып, өзү билген кесиптин сертификатын алат.

Ага ылайык 11-июнда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Авазбек уулунун катышуусунда  ОшМУнун алдындагы Индустриалдык-педагоикалык колледжинин базасында биринчи жолу валидация процедурасы өткөн.

Баалоо жана сертификация өткөрүүгө негизги кызыкдар тараптар жумуш берүүчүлөр, көз карандысыз, өндүрүштө иштеген баалоочулар катышкан. Атайын комиссия 8 адамды “Тигүү буюмдарын бычуу жөндөмү менен тикмечи” кесиби боюнча валидациядан өткөргөн.  Аталган жараян Билим берүү жана илим министрлигине караган өлкөдөгү 8 Алдыңкы тажрыйба борборунун базасында жүргүзүлгөн.