Профессор Абдугани Абдурасулов эл аралык конференцияга катышты

Anasayfa Haberler

Профессор Абдугани Абдурасулов эл аралык конференцияга катышты

Image

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун  Ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын башчысы, Ташкент шаарында болуп өткөн “Мал чарбасында инновациялык технологиялар” деген аталыштагы Эл-аралык конференцияга катышты. Конференцияда профессор Абдугани Абдурасулов кесиптештери менен “Кыргызстандын туштүгүндөгү малдардын генетикалык ресурстары” деген аталышта презентация жасады. Анда мал чарбасыныны жетишкендиктери боюнча маалыматтар камтылган.

Конференцияга Голландия, Корея, Россия, Казахстан, Таджикистан сыяктуу чет өлкөлөрдөн илимпоздор катышты. Кореялык КОПИЯ борбору уй чарбасында эмбриондорду трансплантациялоо боюнча алдыңкы жетишкендиктери менен бөлүштү.

Иш сапардын алкагында профессор Ташкент мамлекеттик агрардык университетинде конок лекция окуп кесиптештери менен келечектеги илим изилдөө пландарын талкуулашты.

Ошондой эле Самарканд мамлекеттик ветеринардык медицина, мал чарба жана биотехнология университетинде “VII-Эл аралык Фармаколог жана токсикологтордун съездине” катышты. “Кыргызстандагы ветеринардык фармакологиянын абалы жана жетишкендиктери” деген темада презентация жасап, Самарканд Биофабрикасында чыгарган ветеринардык дары-дармектердин жаңы технологияларын Кыргызстанда колдонуу жана башка актуалдуу багыттагы темалар талкууланды. Иш чаранын алкагында Ветеринария жана Агрономия адистиктери боюнча кош дипломдуу билим берүү боюнча  келишим тузүлүп, аны ишке ашыруу жолдору талкууланды.

 

fotoğraf Galerisi