Каза болгон Индиялык студенттин сөөгү мекенине жөнөтүлдү

Anasayfa Haberler

Каза болгон Индиялык студенттин сөөгү мекенине жөнөтүлдү

Image

Каза болгон Индиянын жараны ДОКАЛА БХАНОДАЯ (DOKALA  BHANODAYA) ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин 6-курсунун студенти болгон. Ал 2021-жылы 15-майда саат 15:30 чамасында көз жумган.

Экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, денесинде зордук-зомбулук көрсөткөн өлүм белгилери жок. Өлүм курч жүрөк-кан тамыр жетишсиздигинен, жүрөктүн коронардык оорусунан улам болгон.

Мындан улам өпкөдөгү жана мээдеги шишик аныкталган. Сөөктү мекенине жеткирүү боюнча бардык тийиштүү иштер жүрүп, керектүү документтер даярдалып, 2021-жылдын 17-майында Кыргызстан-Индия аба каттамы аркылуу студенттин сөөгү жакындарына жөнөтүлдү.