ОшМУда бүтүрүүчүлөр мектептерге бөлүштүрүлдү

Anasayfa Haberler

ОшМУда бүтүрүүчүлөр мектептерге бөлүштүрүлдү

Image

ОшМУда 2020-2021-окуу жылынын бюджеттик негизде билим алган педагогикалык адистиктеринин бүтүрүүчүлөрүн жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүү  жараяны өткөрүлдү.

Жыйынга ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, кадрлар бөлүмүнүн башчысы, Ош облусунун райондук билим берүү бөлүмдөрү, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, мектеп директорлору катышты.

 Бүтүрүүчүлөр Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген ваканттык жана билим берүү бөлүмдөрүнөн келген талапнаамаларда көрсөтүлгөн орундарга бөлүштүрүлдү.

Бөлүштүрүүгө университеттеги педагогикалык (бюджет) адистикке ээ болгон  216 бүтүрүүчү катышты.

Фото галерея