ОшМУнун бүтүрүүчүсү Капар Момуналиев автоунаа белекке алды

Anasayfa Haberler

ОшМУнун бүтүрүүчүсү Капар Момуналиев автоунаа белекке алды

Image

Ош шаарындагы мектеп мугалимдеринин арасында өткөн  "Жылдын мыкты мугалими-2021" кароо-сынагында ОшМУнун бүтүрүүчүсү Капар Момуналиев 1-орунду ээлеп, автоунаа белекке алды. Сыйлыкты Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тапшырды.

  Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин  2012-жылы аяктаган Капар Момуналиев учурда Ломоносов атындагы гимназия мектебинде эмгектенет.

ОшМУнун жалпы жамаатынын атынан сыймыктуу бүтүрүүчүбүздү жеңиши менен куттуктайбыз! Агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенип, жаш улан-кыздарга татыктуу билим, тарбия берип, чыгармачылыгы арта беришине тилектешпиз!

Фото галерея