Облустук билим берүү жана илим кызматкерлеринин спартакиадасы башталды

Anasayfa Haberler

Облустук билим берүү жана илим кызматкерлеринин спартакиадасы башталды

Image

Ош облустук билим берүү  жана илим  кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун спартакиадасы 21-майда  ОшМУнун  спорттук  базасында  башталды.  Спорттук  мелдешке  район, шаар жана жогорку  окуу жайларынан катышкан командалар катышып жатат. Алар спорттун волейбол, мини футбол, сритбол, ордо, шахмат, стол тенниси, тогуз коргоол  сыяктуу түрлөрү менен  мелдешет.

Оюндар 21-22-май күндөрү ОшМУнун педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин спорт комплексинде жана табият таануу жана география факультетинин спорт залында өтөт.

Фото галерея