Облустук билим берүү жана илим кызматкерлеринин спартакиадасында ОшМУ 1-орунду ээледи

Anasayfa Haberler

Облустук билим берүү жана илим кызматкерлеринин спартакиадасында ОшМУ 1-орунду ээледи

Image

ОшМУнун базасында өткөн Ош облустук билим берүү  жана илим  кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун спартакиадасы жыйынтыкталды.

Спорттук  мелдешке  Ош шаарында жайгашкан 5 жогорку окуу жайы катышып, спорттун 7 түрү боюнча мелдешти.

Жыйынтыгында жалпы командалык эсеп менен 1-орунду Ош мамлекеттик университети,  2-орунду Ош технологиялык университети, 3-орунду Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин командалары ээледи.

Жеңишке жеткен ОшМУнун командасы дээрлик бардык оюндарда 1-орунду багындырган:

Волейбол (агайлар) 1-орун;

Волейбол (эжекелер) 1-орун;

Шахмат (агайлар) 1-орун;

Шахмат (эжекелер) 1-орун;

Тогуз коргоол (агайлар) 1-орун;

Тогуз коргоол (эжекелер) 1-орун;

Стол теннис (агайлар) 2-орун;

Стол теннис (эжекелер) 1-орун;

Ордо (агайлар) 1-орун;

Футбол (агайлар) 1-орун;

Стритбол (агайлар) 1-орун.

Жеңишке жеткен ОшМУнун командасын куттуктап, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз.

Фото галерея