Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын
30-июнундагы Nº 355 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын
кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына кабыл алуу жөнүндөгү»
Тартибинин 43, 71 - пунктарынын негизинде чыккан буйрукка ылайык республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо турлары жана кабыл алууну өткөрүү графиктери бекитилди.
14-июлда абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи туру башталат. Маалыматка ылайык, ал 16-июлга чейин созулат.
Жалпысынан кабыл алуу процедурасы 5 этапка бөлүнгөн. Экинчи тур 21-июлда башталып 23-июлга чейин, үчүнчү тур 28-июлдан 30-июлга чейин өтөт. Ал эми төртүнчү тур 4-6-август күндөрү, бешинчи тур 11-13-август күндөрү өтөт.
Кабыл алуу https://2020.edu.gov.kg/ порталында жүрөт (порталдан онлайн режиминде тапшыруунун орус жана кыргыз тилдериндеги видео нускамалары менен да таанышсаңыз болот).