Министр Орозов ОшМУнун ишмердүүлүгү менен таанышты

Anasayfa Haberler

Министр Орозов ОшМУнун ишмердүүлүгү менен таанышты

Image

 

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бахтияр Орозов бүгүн, 19-августта Ош мамлекеттик университетинде болду. Иш сапарынын алкагында окуу жайдын билим берүү, илимий-изилдөө, санарип университет багытында жасалып жаткан иштери, материалдык-техникалык базалар менен жеринен таанышты.

Ректор Кудайберди Кожобеков министрге ОшМУнун жети кабаттуу медициналык клиникасынын жана Медицина факультетиндеги беш кабаттуу окуу-лабораториялык корпусунун курулуш иштери менен тааныштырды. Мындан сырткары окуу жайдын “Ак-Буура” кампусундагы медициналык клиниканын операциялык блогдорун, амбулатордук-диагностикалык, терапия бөлүмдөрүн, лабораторияларын көрдү. Учурда клиниканын операциялык блогунда операциялардын бардык түрү жасалат.

Мындан сырткары министр «Келечек муундун ХАБы», анда жайгашкан “Борбор Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо”, “Борбор Азия критикалык минералдар инновациялык” борборлорунда болду.

Иш сапардын соңунда ал окуу жайдын жетекчилиги менен билим берүү тармагындагы реформалар боюнча пикир алмашты. Ар бир жогорку окуу жайдын ишмердүүлүгүн жеринен көрүп, зарыл болгон чараларды кабыл алуу максатында иш сапарын улантып жатканын баса белгиледи.

fotoğraf Galerisi