ОшМУнун окутуучулары Ош шаарында өткөн август педагогикалык форумунда тажрыйбалары менен бөлүштү

Anasayfa Haberler

ОшМУнун окутуучулары Ош шаарында өткөн август педагогикалык форумунда тажрыйбалары менен бөлүштү

Image

20-октябрда Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган август педагогикалык форуму болуп өттү. Иш-чарага Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун  Филология жана билим берүү технологиялары кафедрасынын окутуучулары да катышып, баяндамаларды жасашты.

​Форумдун алкагында ​С. Шарипов атындагы өзбек тилдүү мектепте доценттер З. Раимбердиева, Н. Заирова кыргыз тили жана адабиятын интеграциялап окутуу, ошондой эле сабакты баалоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу тажрыйбалары менен бөлүштү.

​А. Навои атындагы кыргыз тилдүү мектепте А. Маматова жана Ж. Камчыева окуучулардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган эссе жазуу ыкмалары боюнча презентация өткөрүштү.

​Макаренко атындагы орус тилдүү мектепте доцент Б. Байтикова жана З. Абдышова тилди экинчи тил катары окутуунун өзгөчөлүктөрү жана окуучулардын кеп ишмердүүлүгүн арттыруу жолдору боюнча баяндама жасашты.

​Иш-чаранын соңунда 12 жылдык билим берүү системасындагы жаңылыктар жана заманбап окутуу ыкмалары боюнча кызуу талкуулар жүрдү. Катышуучулар билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн мектептер менен жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө керектигин баса белгилешти.

​Бул форум мугалимдер үчүн чоң тажрыйба алмашуучу аянтча болду.

fotoğraf Galerisi