Жапаров менен Токаев бир катар эки тараптуу документтерге кол койду

Anasayfa Haberler

Жапаров менен Токаев бир катар эки тараптуу документтерге кол койду

Image

 


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 22-августта бир катар эки жактуу документтерге кол коюлду. Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев «эки өлкө ортосунда 2025-2027-жылдарга кызматташуу боюнча комплекстүү планын жактыруу жөнүндө» жогорку мамлекеттер аралык кеңештин чечимине кол коюшту. 

Анын ичинде Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалын Ош мамлекеттик университетине ачуу боюнча да документ камтылган. Жогорку окуу жайлар аралык кызматташууну өнүктүрүүгө Ош мамлекеттик университети дагы өз салымын кошуп келет. 

«Бүгүнкү күндө Ош мамлекеттик университети менен Казакстандын 52 университетинин ортосунда тыгыз байланыш түзүлүп, кош диплом, студенттердин жана адистердин академиялык мобилдүк, биргелешкен билим берүү программалары, илимий долбоорлор ишке ашырылууда. 2022-жылы ОшМУда Евразия улуттук университетинин филиалы - казак тили жана маданияты филиалы ачылса, 2023-жылы Евразия улуттук университетинде ОшМУнун филиалы - кыргыз тили жана маданияты борбору пайдаланууга берилген. Учурда эки окуу жайдын ортосунда беш бакалавр, төрт магистрдик кош дипломдуу программа боюнча келишимдерге кол коюлган. Кош дипломдуу программанын алкагында 85 студент жана магистрант билим алууда. Алар эки жыл ОшМУда, эки жыл Евразия улуттук университетинде билимин улантышат», -деп белгиледи ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

fotoğraf Galerisi