ОшМУнун 29 студенти кош дипломдуу билим берүү программасы  боюнча Казакстандан билимин улантат

Anasayfa Haberler

ОшМУнун 29 студенти кош дипломдуу билим берүү программасы  боюнча Казакстандан билимин улантат

Image

Ош мамлекеттик университетинде эки жыл билим алган 29 студент Казакстандагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинен кош дипломдуу билим берүү программасы боюнча окуусун улантуу үчүн жөнөп жатышат. Бул тууралуу 27-августта окуу жайда өткөн студенттердин бүтүрүү кечесинде маалымдалды.

Кечеге ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Казакстандын Ош шаарындагы башкы консулу Карибай Мухтар Ахат уулу, окуу жайдын проректорлору, институттун директору, программа жетекчилери, ата-энелер, бүтүрүүчү студенттер жана магистранттар катышты.

«Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өлкө башчысы Садыр Жапаров
ОшМУда ачылган Казакстандын Л. Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинин филиалы элдерибиздин достугу менен ынтымагын, мамлекеттер ортосундагы ар тараптуу кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи. Учурда эки окуу жайдын ортосунда беш бакалавр, төрт магистрдик кош дипломдуу программа боюнча келишимдерге кол коюлган. Кош дипломдуу программанын алкагында 85 студент жана магистранттар билим алууда. Эми силер да эки өлкөнүн достугун, биримдигин чыңдаган, билимдүү жаштардын катарын толуктайсыңар. Мен силерге ишенем, окуу жайдын атын бир гана жакшы жагынан чыгарасыңар жана эң мыкты адис болуп чыгасыңар. Билим сапарыңарга ак жол каалаймын», -деди Кожобеков. 

Иш-чаранын алкагында башкы консул Карибай Мухтар Ахат уулу, тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров, Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун директору Олжобай Шаимкулов, Евразия улуттук университетинин ОшМУдагы филиалынын директору Айнура Найманбай, программа жетекчиси Бактыгүл Турганбаева студенттерге ийгилик каалашып, кош дипломдуу билим берүүнүн  артыкчылыктарын белгилешти. «Кыялдарга жетүүчү тепкичтер» деп аталган студенттик жылдардагы эсте калган урунттуу учурлар камтылган видео-баян көрсөтүлүп, студенттер, ата-энелер ыраазычылык сөздөрүн жолдошту. Ошондой эле 2025-2026-окуу жылында кош дипломдуу билим берүү боюнча магистратураны аяктаган эки студентке дипломдор тапшырылды.

2022-жылы ОшМУда Евразия улуттук университетинин филиалы – казак тили жана маданияты филиалы ачылган. 2023-жылы Евразия улуттук университетинде ОшМУнун филиалы – кыргыз тили жана маданияты борбору пайдаланууга берилген.

fotoğraf Galerisi