Орусиядан келген делегация ОшМУда болду

Anasayfa Haberler

Орусиядан келген делегация ОшМУда болду

Image

Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чараларга катышуу үчүн Орусиядан келген Федерация кеңешинин илим, билим жана маданият боюнча комитетинин төрайымы Лилия Гумерова баштаган бир катар депуттаттар, белгилүү космонавттар, билим берүү, илим чөйрөсүндөгү кызматкерлер 29-августта Ош мамлекеттик университетинде болушту.

Алар менен бирге жолугушууга аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинин, «Россотрудничество», «Русский домдун» өкүлдөрү жана Министрлер кабинетинин, Жогорку Кеңештин жооптуу кызматкерлери катышты. Делегацияны ректор Кудайберди Кожобеков баштаган ОшМУнун жетекчилиги тосуп алып, окуу жайдын ишмердүүлүгү боюнча презентация жасады. 

Катышуучулар эки өлкө ортосунда тыгыз жана өнүгүп жаткан байланышты, ОшМУнун орусиялык жогорку окуу жайлар менен болгон жемиштүү кызматташтыгын белгилешти. Мындан сырткары окуу жайда орус тилин өнүктүрүү жана анын иштеши, студенттер менен окутуучулардын стажировкалары, академиялык мобилдүүлүгү, кош диплом программаларын ишке ашыруу, студенттер үчүн стипендия бөлүү, көз карандысыз аккредитация, рейтинг агенттиктерин түзүү, тажрыйба алмашуу сыяктуу маселелер талкууланды. 

Ал эми окутуучулар, студенттер менен жолугушууда КРСУнун тарыхый жана маданий мурастар борборунун директору Леонид Сумароков «Кыргызстандын космостук феномени» деген темада лекция окуду. Сыноочу-космонавт Денис Матвеев жана летчик-космонавт Федор Юрчихин космоско учуу жана космонавттардын турмушу жөнүндө айтып берди. 

Коноктор университеттин медициналык клиникасы жана Next Generation Hub борбору менен да таанышат. 

 

fotoğraf Galerisi