ОшМУда Билим күнү белгиленди

Anasayfa Haberler

ОшМУда Билим күнү белгиленди

Image

Бүгүн, 1-сентябрда Кыргызстанда Билим күнү белгиленүүдө. Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында өткөн жыйынга ректор Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышты.

Кожобеков окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамын жана университеттин босогосун алгач аттап жаткан студенттерди билим майрамы жана өлкө аймагында чоң салтанат менен белгиленген Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгы менен куттуктады. Ректор 2024-2025-окуу жылында университетте аткарылган иштер, ийгиликтер менен бөлүшүп, жаңы окуу жылына алдыга коюлган максаттар менен тааныштырды. 

“Биздин бийик максатыбыз – билим сапатын арттырып, дүйнөлүк стандарттагы төртүнчү муундагы университетке айлануу. Алдыда дагы чоң мүмкүнчүлүктөр турат. Коюлган максаттарга жетүү үчүн бирдиктүү аракет, тынымсыз изденүү жана жаңыланууга даяр болуу бүгүнкү күндүн негизги талабы”,-деди Кудайберди Кожобеков.

Жыйында окуу жайдын ардактуу профессорлору Салы Каримов, Гулбадан Матиева, Идирис Кенжаев жалпы жамаатка, университеттин босогосун алгач ирет аттап жаткан студенттерге каалоо-тилектерин жолдоду. Алдыга бийик максаттарды коюп, ага жетүүгө талыкпаган билим жана аракет жасоо керектигин белгилешти.

1-курстун студенттерин жалпы студенттердин атынан алдыңкы студенттер да куттуктап талыкпай билим алууга, келечекте мыкты, кесипкөй адис болууга чакырышты.

Билим күнүнө арналган жыйындар ОшМУнун бардык факультеттеринде, колледждеринде, лицейлеринде, гимназияларында да болуп, алардын ар бирине атайын ректораттан өкүлдөр катышты. Жамаатка ректор Кудайберди Кожобековдун кайрылуусу жеткирилди. Учурда бардык факультет, колледж, лицейлерде, гиназияларда окуу процесси башталды.                   

 

                  

 

fotoğraf Galerisi