Мейликан Алтыбаеванын 75 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү

Anasayfa Haberler

Мейликан Алтыбаеванын 75 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү

Image

12-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын билим берүү тармагына эмгек сиңирген кызматкер, педагогика илимдеринин кандидаты Мейликан Алтыбаеванын 75  жылдык мааракесине жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 55 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Ага Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан келген белгилүү окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын жетекчилери, кесиптештери, шакирттери катышты. Коноктор Мейликан Алтыбаеванын адамгерчилиги, ишмердүүлүгү, илимий эмгектери тууралуу айтып, мааракеси менен куттукташты. ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Руслан Арапбаев ректор Кудайберди Кожобековдун атынан куттуктап, анын устаттык сапатын жана окуу жайга кошкон салымын белгиледи.

“Сиз менен бирге иштешип, биз биргелешип окуу процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатып, ОшМУнун көптөгөн билим берүү программаларынын көз карандысыз аккредитациясынан көп жолу ийгиликтүү өткөрдүк. Аккредитациядан өткөрүүдөгү ийгиликтериңиз үчүн сизге республикалык жана чет өлкөлүк улуттук көз карандысыз аккредитациялык агенттиктердин EdNet (2011), "Эл баасы" (2017), "Росаккредитагенство" эксперти (2016) наамдары ыйгарылды. Сиздин күч-аракетиңиз менен республиканын жогорку окуу жайларынын илимий потенциалы жогорулап жатат. Педагогикалык жана илимий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө түрдүү ЖОЖдордо иштеген педагогика илимдеринин үч кандидатын өстүрүп даярдадыңыз. Сиздин жөнөкөйлүгүңүз, адамгерчилигиңиз, дилгирлигиңиз, жоопкерчиликтүүлүгүңүз дайым бизге үлгү жана өрнөк”, -деп айтылат куттуктоодо.

Ал эми «Математикалык билим берүүгө заманбап мамилелер жана технологиялар» темасындагы эл аралык конференциянын пленардык отурумунда, секциялык иштеринде Орусия, Казакстан, Өзбекстандан келген илимпоздор, жогорку окуу жайлардын окумуштуулары илимий баяндамаларын жасашты.

Мейликан Алтыбаева ОшМУда 12 жыл математиканы окутуунун методикасы кафедрасын, алты жыл окуу-маалымат департаментин, 16 жыл билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана аккредитациялоо департаментин жетектеген. Илимпоз-окумуштуу катары билим берүүнүн сапатына багытталган 80ден ашуун окуу-методикалык макалалардын, усулдук колдонмолордун автору. “Орто мектепте математиканы окутуу” студенттер үчүн окуу колдонмосу, “Кесиптик билим берүүдө окутуунун натыйжаларын долбоорлоо” китеби жана башка эмгектери басмадан чыккан. Курамы беш университеттин өкүлдөрүнөн турган ЖОЖдордун илимий-методикалык семинарынын негиздөөчүсү жана жетекчиси. "Агартуу академиясы" коомдук фондунун президенти.

 

fotoğraf Galerisi