ОшМУда Ынтымак жумалыгы башталды

Anasayfa Haberler

ОшМУда Ынтымак жумалыгы башталды

Image

Ош мамлекеттик университетинде “Жарандык коомду өнүктүрүүдө жана тынчтык курууда жаштардын ролу” аталышындагы эки күнгө созулган жумалык башталды. 

Анда «Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү», «Коомдук биримдик жана тилектештик», «Жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу», «Адилеттүү жана натыйжалуу мамлекеттик башкаруу» темасындагы сессияларда баяндамалар жасалып, талкуулар орун алууда.

Жыйында ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Руслан Арапбаев Ынтымак жумалыгынын маанилүүлүгүн белгилеп, окуу жай дайыма аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоо, көйгөйлөрдү талкуулоо, тажрыйба, идеялар менен алмашуу аянтчасын түзүп берүүгө, колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.  

Тынчтык куруучуларды чогулткан жумалык, Бириккен Улуттар Уюмунун  негизги улуттук концепцияларын ишке ашырууга, тынчтыкты орнотуу жаатында өнөктөштүктүн жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы инновациялык жолдорун табууга багытталган. 

Жумалык 16-сентябрда жыйынтыкталат. 











 

fotoğraf Galerisi