ОшМУда 531000 филология, 510200 колдонмо математика жана информатика, PhD программаларынын профессордук-окутуучулук курамы үчүн билим берүү чөйрөсүндө сапаттын кепилдиги боюнча семинар уюштурулду.
Катышуучулар PhD программасынын сапатына жана түзүмүнө коюлган заманбап талаптар, ошондой эле аккредитациялоо процедурасынын жүрүшүндө документтерди даярдоо, өздүк баалоо критерийлерин аткаруу тартиби менен таанышты. Аккредитациялык талаптар боюнча билимдерин тереңдетип, бири-бири менен тажрыйба алмашып, сунуш беришти.
Окутууну "EdNet" агенттиги билим берүү программаларынын сапатын жакшыртуу жана эл аралык стандарттарга жооп берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш аракеттердин алкагында өткөрдү.