Студенттерге окуу акысын пайызсыз насыя алып төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Anasayfa Haberler

Студенттерге окуу акысын пайызсыз насыя алып төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Image

Ош мамлекеттик университетинин онго жакын студенти жаңы окуу жылында окуу акысын “EduQard” билим берүү долбоорунун алкагында төлөдү. Тактап айтканда, алар аталган долбоордун алкагында пайызсыз насыя алышкан. 

Саамалык Малазиянын NAMA Foundation уюмунун колдоосу менен Кыргызстандагы “Агрокредит плюс” микрокредиттик агенттиги тарабынан ишке ашырылууда. Ага ылайык, жогорку окуу жайлардын күндүзгү бөлүмүндө бакалавр, магистратура, аспирантура жана докторантура багытында билим алгандар окуу акысын төлөөдө  пайызсыз насыя ала алышат. 

Каражат түздөн-түз окуу жайдын эсебине которулат. Насыяны кайтаруу мөөнөтү 12 ай, төлөм ай сайын жүргүзүлөт. Долбоор билим алууну каалаган, бирок каржылык көйгөйгө туш болгон жаштарды колдоо үчүн ишке ашууда.

Буга чейин “Агрокредит плюс” уюму менен ОшМУнун ортосунда эки тараптуу кызматташуу меморандуму жетишилген.