16-сентябрда Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын катышуусунда тегерек стол өткөрдү. Анда өзгөчө статуска ээ болгон университеттердин ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери талкууланды.
Ар бир окуу жай каржылык автономия, илимий ишмердүүлүк, академиялык эркиндик, коммерциялаштыруу, МТБны чыңдоо, башкаруу эркиндиги жана соңку үч жылда экономиканын ар кандай секторлорундагы өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча мурда аныкталган конкреттүү багыттар боюнча жетишкендиктерин көрсөтүштү. ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков академиялык жана башкаруучулук эркиндик, бирдиктүү санариптик LMS платформасын ишке ашыруу жана педагогикалык билим берүүнү трансформациялоо жаатындагы оң тажрыйбасы боюнча маалыматтар менен бөлүштү.
Иш-чаранын жыйынтыгында министрлик өлкөнүн алдыңкы ЖОЖдорунун сунушталган моделдерин, жетишкендиктерин, алдыңкы тажрыйбаларын изилдөө, жалпылоо жана республиканын башка окуу жайларынын арасында жайылтуу боюнча иштерди уюштуруу чечимин кабыл алды.