EdNet билим берүү сапатын камсыздоо агенттиги Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын билим берүү программаларынын I рейтингинин жыйынтыгын чыгарды. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) “Юриспруденция”, “Педагогика”, “Эл аралык мамилелер” жана “Дарылоо иши” багыттары TOP-5 мыкты билим берүү программаларынын катарына кирди.
Мындан сырткары “Юриспруденция” программасы илимий активдүүлүк көрсөткүчү “Хирш индекси” боюнча республика боюнча биринчи орунду ээледи. Бул көрсөткүч аталган программада жүргүзүлүп жаткан илимий-изилдөө иштеринин натыйжалуулугун жана эл аралык таасирин тастыктайт.
EdNet агенттигинин президенти Оңолкан Уманкулова университеттин жамаатын бул ийгилиги менен куттуктап, билим берүү сапатын жогорулатуудагы системалуу аракеттерди жогору деп баалады.
Бул жыйынтык ОшМУнун билим берүүдөгү сапаттуу жана үзүрлүү ишмердүүлүгүн дагы бир жолу далилдеп, улуттук, эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көрсөттү.