Ош шаарынын ачык биринчилигинде ОшМУнун «Ордо» курама командасы биринчи орунду ээледи. Спорттук иш-чара Алымбек датканын 225 жылдыгына карата уюштурулуп, ага калаадагы жогорку жана орто окуу жайлардын мугалимдери катышты.
ОшМУнун ордо оюну боюнча курама командасы 2007-жылы түзүлгөн. Сегиз адамдан турган команданын капитаны Мамадалы Накатаев.
Команда түптөлгөндөн бери окутуучулардын республикалык спартакиадасында алдыңкы орундарды багындырып келет. Алардын машыгуусу үчүн ректор Кудайберди Кожобековдун колдоосу менен 2023-жылы Ак-Буура кампусунда Ордо аянтчасы салынып, пайдаланууга берилген.