Окутуучулар Жогорку Кеңеште өткөн илимий конференцияга катышты

Anasayfa Haberler

Окутуучулар Жогорку Кеңеште өткөн илимий конференцияга катышты

Image

ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун социалдык иштер кафедрасынын башчысы Нурзыйнат Токторбекова жана улук окутуучу Нурмира Карашева 19-сентябрда Жогорку Кеңеште өткөн илимий иш-чарага катышты. 

Жыйын Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына, анын тунгуч жетекчиси, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Иманалы Айдарбековго арналган «Биринчи» аттуу китептин, даректүү тасманын презентациясына карата уюштурулду. Максаты — кыргыз элинин тарыхый мурасын даңазалоого жана жаш муундарга үлгү болчу инсандардын өмүр жолун таанытууга багытталды.

Иш-сапардын алкагында Жогорку Кеңеш менен эки тараптуу кызматташуу келишимдерин түзүү жана практикалык байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү да каралды.

fotoğraf Galerisi