Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков 23–24-сентябрь күндөрү Бишкекте өтүп жаткан экинчи кыргыз-орус билим берүү форумуна катышууда. Мында ал Кыргызстандагы медициналык билим берүүнүн интернационалдаштырылышы, экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жана билим берүү процессинде санариптештирүү, инновациялар боюнча презентация жасайт.
Иш-чарага Кыргызстандын жана Орусиянын 80ден ашуун жогорку окуу жайларынын илимий борборлорунун, бизнес чөйрөсүнүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.
Форумда эки өлкөнүн университеттеринин экономика жана коомду өнүктүрүүдөгү ролу, өндүрүш тармагы менен кызматташуунун практикалык аспектилери талкууланууда. Мындан сырткары пленардык жыйындар, талкуулар, мастер-класстар, жана жаштардын стартап-долбоорлорунун презентациялары көрсөтүлөт. Форумдун жыйынтыгында бир катар билим берүү жана илимий кызматташуу боюнча макулдашууларга кол коюлушу күтүлүүдө.
Учурда ОшМУ Орусиянын 94 жогорку окуу жайы менен тыгыз кызматташып келет.