Мамлекеттик тилдин 36 жылдык мааракесине карата Ош мэриясы уюштурган иш-чарада Ош мамлекеттик университети “Эң мыкты жогорку окуу жай” наамына ээ болду. Наам окуу жайга мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө жетишкен ийгиликтери үчүн берилди.
Университетке 20 миң сом жана мэр Жеңишбек Токторбаевдин атынан сертификат тапшырылды. Сыйлыкты мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Мастура Шариповага алды.
ОшМУда мамлекеттик тилде иш алып баруу, жарнама мыйзамдарынын сакталышы, методикалык колдонмолордун даярдалышы жана “Кыргызтест” системасы боюнча 200дөн ашуун кызматкердин В2 жана С1 деңгээлдеги сертификаттарга ээ болушкан.