Кыргыз-Түрк факультетинин декандык кызмат ордуна шайлоо өттү

Anasayfa Haberler

Кыргыз-Түрк факультетинин декандык кызмат ордуна шайлоо өттү

Image

“Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо” деген Жобого ылайык ОшМУнун Кыргыз-Түрк факультетинин  деканын шайлоо өткөрүү боюнча ректордун  №1607 буйругу чыккан. Жобого ылайык 28-майда өткөн декандык шайлоого эки талапкер катышып, программалары менен тааныштырды.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында жамааттын көпчүлүк добушун ф.-м.и.к, доцент Нуркасым Аркабаев алып, декандык кызматка шайланды.

ОшМУнун Кыргыз-Түрк факультети 2018-жылдын 25-майында Окумуштуулар кеңешинин №7 токтомунда кабыл алынган чечиминин жана университеттин ректорунун 2018-жылдын 26-майындагы №438 буйругунун негизинде ачылган.  Факультетте  программалык инженерия, туризм, реклама жана коомчулук менен байланыш, экономика, режиссура адистиктери бар. Кыргыз-Түрк факультетин  2018-жылдан тартып саясий илимдеринин кандидаты, доцент Тимур Козукулов жетектеп келген.

Фото галерея