Индустриалдык-педагогикалык колледжинде билим берүү программалары талкууланды

Anasayfa Haberler

Индустриалдык-педагогикалык колледжинде билим берүү программалары талкууланды

Image

ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде мектепке чейинки билим берүү, башталгыч класстарда окутуу, дене тарбия адистиктери боюнча  негизги кесиптик билим берүү программаларын  талкуулоо боюнча семинар уюштурулду.

Семинарга иш берүүчүлөр, окутуучулар жана бүтүрүүчүлөр катышышты.

Программа жетекчиси доцент Токтайым Умурбекова бүгүнкү күндөгү мектепке чейинки билим берүү системасындагы көйгөйлөргө токтолду. Ал азыркы шарттагы атаандаштыкка туруштук бере алган, компетенттүү адистерди даярдоодогу мамлекеттик стандарттын талаптарына ылайык окуу пландарын жана негизги кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгуудагы кызыктар тараптардын ортосундагы  кызматташуу жакшы жолго коюлгандыгын белгиледи.

Фото галерея