Студенттер Кыргыз жараны концепциясы боюнча маалымат алышты

Anasayfa Haberler

Студенттер Кыргыз жараны концепциясы боюнча маалымат алышты

Image

9-декабрда Ош мамлекеттик университетинин Айыл чарба колледжинде “Кыргыз жараны: бүгүнкү күндө кимбиз жана келечекте ким болобуз?” аттуу жыйын өттү. Иш-чарага Кыргызстан улуттук ассамблеясынын Ош облусундагы бөлүмүнүн төрагасы Бердикул Караев, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура бөлүмчөсүнүн башчысынын орун басары Шумкарбек Абдиев, окутуучулар жана студенттер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө чакырылган адистер жарандык жоопкерчилик, мекенге болгон мамиле жана коомдук коопсуздукту камсыздоонун мааниси тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле өлкөдөгү улуттар аралык биримдик, ынтымак, жарандык аң-сезимдин өнүгүшү, жаштардын коомдогу орду кеңири баяндалды.

Студенттер Кыргызстан жаранынын негизги баалуулуктары, мекенге кызмат кылуунун жолдору жана мамлекеттин келечегин курууда жаштардын ролу жөнүндө өз ойлорун бөлүштү.

Иш-чара Кыргыз жараны концепциясын жайылтуу жана студенттердин жарандык аң-сезимин жогорулатуу максатында колледждин директордун тарбия иштери боюнча орун басары Мархабо Зулпукарова тарабынан уюштурулду.