Окутуучулар Казакстандын алдыңкы ЖОЖдорунда тажрыйба алмашты

Anasayfa Haberler

Окутуучулар Казакстандын алдыңкы ЖОЖдорунда тажрыйба алмашты

Image

10–13-декабрь күндөрү Ош мамлекеттик университетинин эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин  Европа жана Америка интеграциясы бөлүмүнүн беш окутуучусу Казакстандын алдыңкы жогорку окуу жайларында иш сапарда болуп, тажрыйба алмашты. 

Алар академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Назарбаев атындагы университетке, Л.Н. Гумилёв атындагы  Евразия улуттук университетине жана Астана эл аралык университетине барышты. Сапардын жүрүшүндө окутуучулар бул окуу жайлардын билим берүү системасы, окутууну баалоо ыкмалары, материалдык-техникалык базасы жана тил борборлорунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле студенттердин окуудан тышкаркы иш-чараларын уюштуруу тажрыйбасы боюнча пикир алышты. 

Мындан тышкары тараптар биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, академиялык алмашуу программаларын кеңейтүү жана жаңы билим берүү багыттарын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Иш сапардын алкагында окутуучулар Л.Н. Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинде ОшМУнун кыргыз тили жана маданияты борбору уюштурган иш-чарага да катышты. Кече залкар жазуучу Чыңгыз Айтаматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналды. 

Бул сапар эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө, алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. 

fotoğraf Galerisi