ОшМУнун аспирантура бөлүмүнүн башчысы министрликте өткөн жыйында баяндама жасады

Anasayfa Haberler

ОшМУнун аспирантура бөлүмүнүн башчысы министрликте өткөн жыйында баяндама жасады

Image

ОшМУнун аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Гүлжамал Анарбаева Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлгөн “Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун актуалдуу маселелери” аттуу семинарга катышып, “Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо: абалы, көйгөйлөрү, келечеги (ОшМУнун мисалында)” аттуу баяндама жасады. Семинарга алдыңкы окуу жайлардын илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү  катышты.

Баяндамада ОшМУнун аспирантурасынын ишмердүүлүгү, аткарылып жаткан иш-аракеттеринин жыйынтыктары, тажрыйбасы жөнүндө кеңири маалымат берилди. ОшМУда илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун  натыйжалуулугун  жогорулатуунун  негиздери − илимий  ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн  стратегиялык иш-аракеттер, ар тараптуу материалдык стимул көрсөтүү маселелери белгиленди. Аспиранттардын  сандык көрсөткүчтөрүнүн, бүтүрүүчүлөрдүн  кандидаттык диссертацияларын  коргоолорунун динамикасын иликтөө жыйынтыктары көрсөтүлдү. Аспирантура институтунун натыйжалуулугун жогорулатууга, өнүктүрүү маселелерине карата  сунуштар, милдеттер берилди.

Жыйынтыгында, семинардын катышуучулары тарабынан ОшМУнун аспирантура, илимий ишмердүүлүктөрүнө карата жылуу пикирлер айтылып, жогорку баа берилди жана  бул тажрыйбаларды, иш-аракеттерин башка окуу жайларга да колдонуу маселеси айтылды.

Гүлжамал Анарбаева илим, аспирантура, докторантуранын ишмердүүлүктөрү боюнча нормативдик актыларды өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү боюнча министрликтин алдындагы жумушчу топтун жыйынына да катышты.

Фото галерея