“QS дүйнөлүк билим берүүдөгү жаңылыктар” журналында ОшМУ тууралуу маалымат жарык көрдү

Anasayfa Haberler

“QS дүйнөлүк билим берүүдөгү жаңылыктар” журналында ОшМУ тууралуу маалымат жарык көрдү

Image

QS Global Education News (“QS (Дүйнөлүк университеттердин рейтинги)  дүйнөлүк билим берүүдөгү жаңылыктар”) журналынын 2021-жылдын май айындагы чыгарылышында ОшМУ тууралуу маалымат жарык көрдү. Анда окуу жайда  бакалавриат, магистратурадагы ишке ашып жаткан кош дипломдуу билим берүү программалары жөнүндө айтылган. Андан сырткары М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ОшМУдагы филиалы тууралуу маалыматтар камтылган.

Аталган журналда дүйнөдөгү өнүгүп жаткан университеттердин ийгилик жолу тууралуу макалалар жарыяланат.

QS - эң көп окулган дүйнөлүк университеттердин рейтинги болуп саналат. 2021-жылдагы  жыйынтык боюнча алдыңкы үчтүктө Массачусетс технологиялык институту, Стэнфорд жана Гарвард университеттери турат.

ОшМУ учурда глобалдык рейтингге катышуу максатында өзүнүн позициясын чыңдоого багытталган иш аракеттерин көрүүдө.

 Төмөндөгү шилтеме аркылуу журналга кирип окусаңыздар болот: https://content.qs.com/qs-gen/latest/index.html?mkt_tok=MzM1LVZJTi01MzUAAAF9cEb_MMP9n-Mr6-7DbSctcoDos8tk-zOEbh77lCbiAV10-xKL5irXS6E6DcVa0hSQJ7kFUwTZmshvv8XwgHGqFxreJY6LNh53j8ZjY8TIXDZtPQ#page=18

Фото галерея