Нурзат Ысмаилованын спорттогу 25 жылдык мааракеси белгиленди

Anasayfa Haberler

Нурзат Ысмаилованын спорттогу 25 жылдык мааракеси белгиленди

Image

Ош мамлекеттик университетинин   “Университет” кыз келиндер клубунун башкы машыктыруучусу, ага окутуучу Нурзат Ысмаилованын спорт жана билим берүү тармагындагы ишмердүүлүгүнө 25 жыл толгонуна карата мааракелик  иш-чара өттү. 

Анын алкагында Ош облусундагы райондор аралык кыз-келиндер арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулуп, ага тогуз команда катышты. Жыйынтыгында Кара-Суу командасы жеңүүчү аталды.

Иш-чарага университеттин ректору Кудайберди Кожобеков, жамаат мүчөлөрү, студенттер жана спорт тармагынын өкүлдөрү катышты. Ректор өз сөзүндө Ысмаилованын спорттогу ийгиликтери анын эмгекчилдигин, жогорку деңгээлдеги кесипкөй адис экенин айгинелерин белгиледи. Ошондой эле ага “ОшМУга эмгек сиңирген ишмери” төш белгиси жана белектер тапшырылды.

Нурзат Ысмаилова волейбол боюнча “Спорт чебери”, “Дене тарбиянын жана спорттун отличниги” ардак белгилеринин ээси. Ал машыктырган “Университет” кыз-келиндер клубу өлкөнүн үч жолку чемпиону, Кыргыз волейбол федерациясынын президентинин кубогунун төрт жолку ээси болгон.

fotoğraf Galerisi