ОшМУнун кызматкерлери "Ден соолук-2021" спартакиадасында байгелүү орундарды ээледи

Anasayfa Haberler

ОшМУнун кызматкерлери "Ден соолук-2021" спартакиадасында байгелүү орундарды ээледи

Image

Чолпон-Ата шаарынын “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясынын спорттук базасында 21-27-июнь күндөрү  өткөн билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин спартакиадасына ОшМУнун  кызматкерлери спорттун бардык түрү боюнча мелдештерге катышты. Алар волейбол, футбол, стритбол, стол тенниси, ордо, шахмат, тогуз коргоол оюндары.  

Мелдештердин жыйынтыгында ОшМУнун волейбол боюнча эжекелер командасы спартакиаданын чемпиону болушту. Футболчу агайлар 3-орунду камсыздады. Шахмат оюнунда агайлар 1-орунду, эжекелер 2-орунду алышты. Ал эми теннис оюнунда  агайлар 2-орунду, эжекелер 1-орунду ээлешти.

Ордо оюнунда агайлар күмүш медалга ээ болушту.  

Спартакиадага ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана проректорлор күбө болушуп, колдоп турушту.

“Ден соолук” спартакиадасы билим берүү системасынын кызматкерлери арасында дене тарбия жана спортту жайылтуу жана өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

Фото галерея